Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 13
Кеңеш айыл аймагындагы Бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кенеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун 15.02.2021-жыл №01-17/235 сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. № 3 “Ак-Бермет”, №29 “Бурул-Эне”, №27 “Мамалак”, №26 “Индиго”, №25 “М.Абдыкадырова, №21 “Жеткинчек”, №33 “Айшоола”, №39 “Акылай” бала бакчаларында өткөрүлгөн чогулуштагы протоколдордун негизинде, балдарды түрдөп тамактандырууга ата-энелердин төлөмү 400 (төрт жүз) сом жана тарбиячылардын төлөмү 400 (төрт жүз) сом деп бекитилсин.
2. Ата-энелер аркылуу төлөнүүчү төлөмдү көзөмөлдөө ар бир бала бакча жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
4. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |