Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 15
Кеңеш айыл аймагынын №3 “Ак-Бермет” балдар бакчасынын айланасын темир тосмо менен тосуу жана балдар уктоочу керебет менен камсыздоо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын №3 “Ак-Бермет” балдар бакчасынын директору Ж.Чыйбылованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын №3 “Ак-Бермет” балдар бакчасынын айланасы темир тосмо менен тосуулуп жана балдар уктоочу 15 (он беш) даана керебет менен камсыздалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |