Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын

2021-жылдын 16-февралы № 17

Кеңеш айыл аймагынын Аук айылынын Кызыл участкасына кичифутбол стадионун куруу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын Аук айылынын Кызыл участкасынын жашоочуларынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кеңеш айыл аймагынын Аук айылынын Кызыл участкасына кичифутбол стадионун курууга айыл аймагынын спорт тармагына бөлүнгөн акчадан 1000000 (бир милион) акча каражаты 2021-жылдын аягына чейин каржыланып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.

3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров