КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 19
Кеңеш айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондуна аукцион өткөрүүгө комиссия түзүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кеңеш айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукциондон өткөрүү үчүн төмөндөгү курамда
1. Бараталиев Камчы депутат (макулдугу менен)
2. Нурбаева Гулназ депутат (макулдугу менен)
3. Жер адистер
4. Айыл башчылардан комиссия түзүлсүн.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |