Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 21
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан полигонду толук кандуу иштетүүдө жергиликтүү бюджеттен 5925000 сом карап акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кенеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиянын корутундусуна жана Кеңеш айыл өкмөтү менен Хелветас-Свисс Интернешнл Ассоциациясынын ортосундагы келишимге негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан полигонду толук кандуу иштетүүдө жергиликтүү бюджеттен 5925000 сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |