Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 23
Кеңеш айыл аймагынын Аксакалдар Кеңешинин төрагасын дайындоо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Аксакалдар Кенешинин төрагасы А.Мамалиевдин сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын Аксакалдар Кеңешинин төрагасынын беш жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Аксакалдар Кеңешинин төрагасы болуп Аттокуров Канболот Джапарович дайындалсын.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |