Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын
2021-жылдын 16-февралы № 24
Кеңеш айыл аймагынын шайлоо участкаларынын резервдик мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын шайлоо участкаларынын резервдик мүчөлөрүн бекитип берүү боюнча Кенеш айыл аймагынын башчысы Омурзаков Рахман Бакировичтин сунушуна жана участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдоруна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын шайлоо участкаларынын резервдик мүчөлөрү алымча кошумчасы менен дайындалсын.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |