Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 1

2018-жылдын 3-декабрь Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясындагы № 7 токтомун кайрадан карап чыгуу жөнүндө

Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 24.02.2021-жыл №10/2-1-124-21 сандуу катына негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. 2018-жылдын 3-декабрь Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясындагы Каражыгач айылындагы Алтай Осмонов мектебин жаны салуу үчүн Максуталиев Н, Мамбеталиев Т, Козуев А, К.Акпаралиевдин жер үлүшүн берип аларга А.Осмонов мектебинин эски багына алмаштырууга чыккан № 7 токтому Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз адынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-бер. 2-б. Талабына ылайык шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында чечилүүчү маселелердеги 17-пунктунда жана аталган берененин 4-б. Айылдык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктарында, жарандардын жер үлүштөрүн билим берүү уюмдарынын жер аянттарына алмаштырып берүү жагы каралбагандыктан токтом жараксыз деп табылсын.

2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров