КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 6
Совет айылындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчанын аталышы жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Совет айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагынын Совет айылынын Ж.Аттокуров көчөсүндө жаңы курулуп жаткан 50 (элүү) орундуу бала бакчанын аталышы “Алтын - Балалык” деп аталсын.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |