Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 8

Кеңеш айыл аймагынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө

 Кеңеш айыл аймагынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн дайындоодо элдин протоколдоруна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.    Кеңеш айыл аймагынын Шыдыр айылына Макаилов Алтынбек Толкунбаевич, Кызыл-Октябрь айылына Арзыкулов Эсеналы, Сейитказы айылына Артыков Абдыкайым, Моголкоргон айылына Амираев Байыш Аксакалдар сотунун мүчөлөрү болуп дайындалсын.

2.    Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3.    Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров