Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 1
Кеңеш айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү максатында Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата 16 пунктан турган иш планы алымча кошумчасы менен жактырылып бекитилсин.
2. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
3. Бекитилген иш планды ишке ашыруу туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |