Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 2

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Кеңеш айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү максатында Кенеш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.    Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата 29 пунктан турган иш планы алымча кошумчасы менен жактырылып бекитилсин.

2.    Бекитилген иш планды турмушка ашыруу айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

3.    Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.

4.    Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

5.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл аймагынын өкмөт башчысы Омурзаков Рахманга тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров