КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы тендөөчү гранттын калдыгы жөнүндө
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен корголгон беренелерге каралган тендөөчү гранттын калдыгын башка беренелерге чыгымдоо максатында Бюджет жана экономика комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөкмөтүнүн башчысы Р. Омурзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап COVID-19 илдетине байланыштуу корголгон беренелерге каралган тендөөчү грант балдар бакчалары жана мектептер толук иштебегендиктен тамак ашка жана электр энергияга каралган акча каражат үнөмдөлүп, калган калдыгын башка беренелерге чыгымдоо үчүн тактап билдирүү даярдап Базар-Коргон райондук башкармалыгына жеткирүү Кенеш айыл өкмөтүнүн башсчысы Р. Омурзаковко жана КЭБ башчысы С. Капаровага милдетендирилсин.
2. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |