Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 5
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын жашоочусу Саипов Рыскулга Ардактуу атуул наамын берүү боюнча элдик чогулушунун протоколуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагында жашап, үзүрлүү эмгектенип Кеңеш айыл аймагынын жана өз айылынын калкына көрсөткөн көп жылдык ак эмгегин баалап Саипов Рыскулга Кеңеш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген ардактуу наам ыйгарылсын.
2. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |