Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 129 токтомуна) |
Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоонун ушул тартиби (мындан ары - Тартип) менчиктин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринде автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасын эксплуатациялоонун негизги максаттарын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасы (мындан ары - Система) - интернат тибиндеги балдар мекемелери, ошондой эле алардагы эсепке алуу жана каттоо объекттери болуп эсептелген балдар тууралуу маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо боюнча негизги процесстерди автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык системадан турат.
3. Системаны күтүүчү жана тейлөөчү болуп балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган эсептелет.
4. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) интернат тибиндеги балдар мекемелери - менчиктин түрүнө карабастан балдарга кызматтарды көрсөткөн жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган мекемелер (ымыркай үйлөрү, балдар үйлөрү, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектеп-интернаттар, балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелери, жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттар);
2) жеке маалыматтарды кармоочу (ээлик кылуучу) - менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдардын жеке маалыматтарын киргизүү боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн интернат тибиндеги балдар мекемесинин администрациясы;
3) Системанын оператору - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын Системаны эксплуатациялоону камсыздаган жооптуу адамы, менчиктин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелерин жана бардык деңгээлдерде пайдалануучулардын Системаны пайдалануу параметрлерин каттайт, интернат тибиндеги балдар мекемелери тууралуу маалыматтарды редакциялайт, Системанын коопсуздугун жана аны резервдик копиялоону камсыздайт.
5. Системаны пайдалануучулар төмөнкүлөр болушат:
1) борбордук деңгээлде - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери;
2) жергиликтүү деңгээлде - ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу аймактык органдардын кызматкерлери, ошондой эле жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлик кылуучулар), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары;
6. Системанын маалыматтык ресурстарына кирүүгө укуктуулар:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бүткүл республика боюнча Системанын маалыматтык ресурстарына, анын ичинде балдардын жеке маалыматтарына редакциялоо мүмкүндүгүсүз кирүүгө;
2) саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган - ведомстволук интернат тибиндеги балдар мекемелеринин деңгээлинде Системанын маалыматтык ресурстарына, анын ичинде балдардын жеке маалыматтарына редакциялоо мүмкүндүгүсүз кирүүгө;
3) ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү - райондун/шаардын деңгээлинде Системанын маалыматтык ресурстарына, анын ичинде балдардын жеке маалыматтарына редакциялоо мүмкүндүгүсүз кирүүгө;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары - райондун/шаардын деңгээлинде Системанын жалпы жана маалыматтык мүнөздөгү информациялык ресурстарына кирүүгө;
5) жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлик кылуучулар) - өзүнүн интернат тибиндеги балдар мекемесинин деңгээлинде Системанын маалыматтык ресурстарына кире алышат.
2-глава. Системаны эксплуатациялоо максаты жана милдеттери
7. Системаны эксплуатациялоо максаты - интернат тибиндеги балдар мекемелерин жана менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды автоматташтырылган эсепке алууну көздөйт.
8. Системанын милдеттери төмөнкүдөй:
1) интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасында балдардын жеке мүнөздөгү маалыматтарын автоматташтырылган топтоо, иштетүү, киргизүү, сактоо жана пайдалануу;
2) интернат тибиндеги балдар мекемелерине балдардын түшүү себептерин мониторингдөө жана географиясын аныктоо;
3) балдардын интернат тибиндеги балдар мекемелеринде болуу мөөнөттөрүнүн узактыгын контролдоо;
4) мамлекеттик жана башка уюмдар түзгөн интернат тибиндеги балдар мекемелеринин аккредитациясынын жарактуулук мөөнөтүн контролдоо;
5) менчигинин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасынын ишин эсепке алуу жана контролдоо;
6) Системанын кармоочусунун жана башкаруучусунун, Системадагы жеке маалыматтарды кармоочулардын (ээлик кылуучулардын) жана пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо;
7) башка мамлекеттик маалыматтык ресурстар менен интеграция мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.
3-глава. Системаны эксплуатациялоого талаптар
9. Системаны эксплуатациялоого милдеттүү талаптар төмөнкүдөй:
1) менчигинин формасына жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан кармоочулардын (ээлик кылуучулардын) интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдар тууралуу жеке маалыматтарды маалыматтык системага киргизүүсү;
2) маалыматтын тууралыгын жана толуктугун, өз учурунда жаңыланышын камсыздоо;
3) жеке мүнөздөгү маалыматты чыгып кетүүдөн, уурдоодон, жоголуудан, бурмалоодон жана ага уруксатсыз кирүүдөн сактоо;
4) автоматтык режимде интернат тибиндеги балдар мекемелерине түшкөн балдар тууралуу жеке маалыматтардын кайталануусун болтурбоо;
5) Маалымат системасына киргизилген информациянын негизинде статистикалык отчетторду даярдоо мүмкүндүгүн камсыздоо;
6) Системага кирүүгө уруксат алган Системаны пайдалануучуларды идентификациялоо;
7) жеке маалыматтарды топтоо, сактоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
8) Системаны кармоочуларды (ээлик кылуучуларды) жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоо.
4-глава. Системаны эксплуатациялоо тартиби
10. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Системаны эксплуатациялоо үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Системага киргизүү үчүн менчигинин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелери тууралуу маалыматты топтоону камсыздайт;
2) жеке маалыматтардын кармоочуларына (ээлик кылуучуларына) интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдар тууралуу маалыматты киргизүү үчүн мекеменин деңгээлине жараша Системага кирүүгө уруксат берет;
3) логинди жана паролду белгилүү мөөнөткө генерациялоо жолу менен пайдалануучулардын Системага кирүүсүнө мүмкүндүк берет жана токтотот, алардын Системага кирүүсүн каттоо тартибин аныктайт;
4) менчигинин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтарына мониторинг жүргүзөт;
5) менчигинин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринде балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн, аккредиттелген уюмдардын маалыматтарына мониторинг жүргүзөт жана аны Системага киргизет;
6) борбордук жана жергиликтүү деңгээлдеги Системаны пайдалануучуларды Система менен иштөөгө даярдайт жана кайра даярдайт;
7) менчигинин формасына карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин тизмесинин өз убагында жаңыртылышын контролдойт;
8) интернат тибиндеги балдар мекемелеринин тарбиялануучулары жөнүндө жеке маалыматтардын толук киргизилишин жана өз убагында жаңыртылышын контролдойт;
9) Системага киргизилген балдар тууралуу жеке маалыматтар ачыкка чыгарылбашын камсыздайт.
11. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин тарбиялануучу балдары тууралуу маалыматтар Системаны пайдалануучуну каттоо жана Системага кирүү укугун берүү жөнүндө арызына ылайык мындай иштерди аткарууга укук алган жеке маалыматтардын кармоочулары (ээлик кылуучулары) тарабынан киргизилет.
12. Ведомстволук карамагында интернат тибиндеги балдар мекемелери түзүлгөн же болгон мамлекеттик органдар, юридикалык жактар ведомствого караштуу балдар мекемеси түзүлгөнү, өзгөртүп уюшулганы жана жоюлганы жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга ал мекеме юридикалык жактарды каттоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган, кайрадан катталган жана иши токтотулган учурдан баштап 5 иш күндүн ичинде, Системага керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кабарлайт.
5-глава. Системанын түзүмү
13. Системанын түзүмү төмөнкүдөй маалыматтардан турат:
1) менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелери, анын ичинде балдар үчүн сутка бою кызмат көрсөтүүчү аккредиттелген уюмдар тууралуу маалымат;
2) интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырылган бала жана анын кай жерлерде болгону тууралуу маалымат;
3) статистикалык маалыматтарды, маалыматтарды визуалдаштырууну, балдарды келген жеринде географиялык бөлүштүрүүнү камтыган маалыматтык модуль.
6-глава. Системага маалыматтарды киргизүү тартиби
14. Интернат тибиндеги балдар мекемесинин электрондук каттоо карточкасына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) уюштуруу документтерине ылайык интернат тибиндеги балдар мекемесинин толук аталышы;
2) дареги, ведомстволук тиешелүүлүгү, пландуу кубаттуулугу;
3) аккредитация жөнүндө сертификатынын номерин жана анын жарактуулук мөөнөтүн (бар болсо) көрсөтүү менен интернат тибиндеги балдар мекемесинин аккредитациясы тууралуу маалымат;
4) жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) жана байланыш маалыматтары.
15. Интернат тибиндеги балдар мекемесинин тарбиялануучусунун электрондук эсеп карточкасына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жынысы, төрөлгөн күнү, интернат тибиндеги балдар мекемесине баланын түшкөн датасы, жеке идентификациялык номери, жашаган жери (бала кайдан келген);
2) баланын ата-энесинин, жакын туугандарынын бар же жогу, алардын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
3) балада майыптык барбы же жокпу, социалдык төлөмдүн түрү (багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия, ай сайынкы социалдык жөлөкпул);
4) бекитип берилген турак-жайы тууралуу маалымат, башка мүлкүнүн баяндамасы (бар болсо);
5) баланы коргоонун жеке планы же реабилитациялоонун жеке планы (бар болсо);
6) баланын актуалдуу түстүү сүрөтү;
7) баланын жайгаштыруу мөөнөтү тууралуу маалымат (убактылуу жайгаштыруу - 6 айга чейин жана узакка жайгаштыруу - 6 айдан ашык);
8) баланын укуктук статусу;
9) баланы интернат тибиндеги балдар мекемесине жиберген орган жана жайгаштыруунун себептери.
16. Ушул Тартиптин 15-пунктунда каралган бала тууралуу маалыматтар тастыктоочу документтердин негизинде интернат тибиндеги балдар мекемесинде тарбиялануучунун электрондук эсеп карточкасына киргизилет.
17. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээлик кылуучу) бала келген учурдан тартып эки иш күндүн ичинде Системага ал жөнүндө маалыматты киргизүүгө милдеттүү.
18. Баланын жашоо шарттарынын өзгөргөндүгү тууралуу маалымат (статусу, жайгашкан мөөнөтү, туугандары барбы, баланын келген жери, майыптыктын группасы берилиши, социалдык төлөмдөрдү тариздөө, мүлкү барбы, баланын интернат тибиндеги балдар мекемесинен чыгуусу) Системага маалыматты алгандан же бала кеткенден кийин эки иш күндүн ичинде киргизилет.
19. Жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугу кагазга жазуу жүзүндө же Кыргыз Республикасынын электрондук кол коюу тууралуу мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ формасында көрсөтүлүүгө тийиш.
20. Системага маалыматты киргизгенден кийин аны даярдоо датасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө көчүрмөсү басып чыгарылат. Кагаз жүзүндөгү көчүрмө жетекчинин колу менен тастыкталат, ага интернат тибиндеги мекеменин мөөрү коюлат жана баланын өздүк делосунда сакталат.
7-глава. Статистикалык отчетторду даярдоо
21. Системанын маалыматтык модулу төмөнкүдөй статистикалык маалыматты камтыйт:
- менчигинин формасына карабастан, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин саны жана тизмеси;
- ар бир интернат тибиндеги балдар мекемесиндеги балдардын саны, анын ичинде майыптыгы бар балдардын саны, гендерлик аспектти эске алуу менен;
- интернат тибиндеги балдар мекемесинде балдардын болуу формасы, алардын статусу, аларды жайгаштыруунун негиздери жана себептери;
- түшкөн орду боюнча балдарды карап чыгуу жана географиялык бөлүштүрүү.
22. Интернат тибиндеги балдар мекемелери жана алардагы балдардын саны тууралуу жалпыланган маалымат түрүндөгү статистикалык отчеттор балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жылына эки жолу жайгаштырылат (окуу жылы башталгандан жана аяктагандан кийин бир айдын ичинде).
8-глава. Интернат тибиндеги балдар мекемесиндеги балдар тууралуу маалыматтын жашырындыгы
23. Тарбиялануучунун электрондук эсеп карточкасындагы информация жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган статистикалык отчет жашырын маалымат болуп эсептелет жана жалпыга ачыкка чыгарууга болбойт. Системада жашырын маалыматты сактоо мөөнөтү 75 жыл.
24. Жеке маалыматтарды кармоочулар (ээлик кылуучулар) оператор аларды Системага каттагандан кийин дароо Системага кирүүгө мүмкүндүк алышат.
25. Балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрү интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдар тууралуу жашыруун маалыматты тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык беришет.
26. Өзүнүн кызматтык абалына жараша балдардын (баланын) жеке маалыматтарын билүүчү адамдар жашырын маалыматты мыйзамсыз таркатканы жана пайдаланганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.