Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 7
Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылынын тургуну Абдушарипова Гулкайырдын кайрылуусу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылынын тургуну Абдушарипова Гулкайырдын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бюджет жана экономика комитетинин корутундусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Сейитказы айылынын тургуну мугалим Шамшиева Сонунай мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу жарандарга берилүүчү материалдык жардам эсебинен ага 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын которуп берүү жагы Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Ф.Э.Б.нүн башчысы С.Капаровага тапшырылсын.
2. Мыйзамдуу жагын карап берүү Кенеш айыл аймагынын юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кенешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |