Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 03-декабры № 62

Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) №1510 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө

Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 1510 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19-ноябрындагыдагы №02-5/325 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып

 

Айдаралиев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айдаралиев айыл аймагындагы жолдорду оңдоо үчүн жана жашоочулардын курулуш иштеринде кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 1510 чөйрө сызыгындагы 0,10 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 Токтому менен бекиген “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобонун” негизинде (кум-шагыл аралашмасын алуу үчүн карьерге) которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.

2.    Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.

 

Төрайым:

А.Токтогулова