АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-декабры № 63
Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 40, №47, №48, №49, №50 чөйрө сызыктарындагы 12,3 га жер аянтын балык чарбасына (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө
Айдаралиев айыл аймагында балык жана балык азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган №40, №47, №48, №49, №50 чөйрө сызыктарындагы 12,3 га жер аянтын балык чарбачылыгы үчүн которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы №02-5/325 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып
Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айдаралиев айыл аймагында балык жана балык азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүү, айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн көбөйтүү, айыл тургундарын иш менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштү жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып айыл өкмөтүнүн үлүшү бар балык чарбасын ачуу жана иштетүү үчүн үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган №40, №47, №48, №49, №50 чөйрө сызыктарындагы 12,3 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде айыл чарбасы багытындагы категориядагы балык чарбасы жана балык чарбасына тиешелүү инфраструктура үчүн которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.
Төрайым: | А.Токтогулова |