АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-декабры № 65
Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) № 944 чөйрө сызыгындагы 1,0 га жер аянтын таштанды таштоочу полигонго которууга (трансформация кылууга) макулдук берүү жөнүндө
Айдаралиев айыл аймагындагы жашоочулардын катуу калдыктардын таштандыларын таштоо үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 944 чөйрө сызыгындагы 1,0 га жер аянтын катуу калдыктардын таштандысын таштоочу полигонго которууга (трансформация) айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2019-жылдын 5-июлундагы №02-6/9016 катындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы корутундусун карап чыгып
Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айдаралиев айыл аймагындагы жашоочулардын катуу калдыктардын таштандыларын таштоо үчүн атайын жер аянты жок болгондугуна байланыштуу Айдаралиев айылдык аймагындагы (1942-жылкы координаттар системасы - СК-42) менен аныкталган № 944 чөйрө сызыгындагы 1,0 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына (катуу калдыктардын таштандысын таштоочу полигонго) которууга (трансформация кылууга) макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер аянтын которууга тиешелүү иш алып баруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке милдеттендирилсин.
Төрайым: | А.Токтогулова |