Редакцияот 03.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 03-декабры № 66

Айдаралиев айылдык аймагындагы билим берүү мекемесине жакшы шарт түзүү үчүн Көпүрө-Базар балдар бакчасынын терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу долбоору жөнүндө

Айдаралиев айыл аймагындагы жашоочулардын, Көпүрө-Базар балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринин кайрылуусунун негизинде Айдаралиев айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын Жергиликт ү ү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын принциптерине ылайык Көпүрө-Базар балдар бакчасы билим берүү мекемесине жакшы шарт түзүп берүү үчүн эскирип калган терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу боюнча долбоорун даярдаган Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап

Айдаралиев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында, Айдаралиев айылдык аймагынын билим берүү мекемеси болгон Көпүрө-Базар балдар бакчасынын айнек терезелерин жаңы заманбап пластик айнек терезелерге алмаштыруу долбоорун Айдаралиев айыл кеңеши жана Айдаралиев айыл өкмөтү жалпы сметалык баасы 2431515 сом (эки миллион төрт жүз отуз бир миң беш жүз он беш) сом, өздүк тартылган каражаттардын суммасы (364727) (үч жүз алтымыш төрт миң жети жүз жыйырма жети) сом; экономика жана каржы министрлиги тарабынан берилүүчү үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттарда муктаждык 2066788 (эки миллион алтымыш алты миң жети жүз сексен сегиз) сом суралсын.

2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында, Айдаралиев айылдык аймагынын билим берүү мекемеси болгон Көпүрө-Базар балдар бакчасынын айнек терезелерин жаңы заманбап пластик айнек терезелерге алмаштыруу долбоордун өздүк каражатынын бөлүгүн суммасы (364727) (үч жүз алтымыш төрт миң жети жүз жыйырма жети) сом өздүк салымды Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн балансында, Айдаралиев айылдык аймагынын билим берүү мекемеси болгон Көпүрө-Базар балдар бакчасынын айнек терезелерин жаңы заманбап пластик айнек терезелерге алмаштыруу долбоору Талас райондук түрткү берүүчү грант боюнча комиссиясына сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ниясалиев Маратбек Анарбековичке Милдеттендирилсин.

 

Төрайым:

А.Токтогулова