Загрузка документа…
КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 33-сессиясы
2020-жылдын 1-декабры № 33-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунун күн батыш тарабынан кичи завод куруу үчүн “Юг Логистик” ЖЧКмуна 1,0 га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27-берелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунун күн батыш тарабынан кичи завод куруу үчүн “Юг Логистик” ЖЧКмуна 1,0 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Түштүк-Кыргыз Цемент” заводунун күн батыш тарабынан кичи завод куруу үчүн “Юг Логистик” ЖЧКмуна 1,0 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 1,0 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди «Юг Логистик » ЖЧКнун жетекчилиги менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |