Загрузка документа…
КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 35-сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 35-1
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 27-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши:
Токтом кылат:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 27-сессиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 27-4 токтомун төмөнкү редакцияда кабыл алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан өтүүчү «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу 10даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №6572, 449, 470, 397, 423, 431, 437, 33, 35, 35 контурларында жайгашкан жалпы 3495 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ураимов Равшанбек Икрамович долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |