Загрузка документа…
КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 35-сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 35-2
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
«CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:
Токтом кылат:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан өтүүчү «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн 18 даана электр аба чубалгысын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №6571, №6519, №6525, контурларында жайгашкан 962 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, №1032, №1032, № 6623, №6509, №6397, №6427, №6400, №6383, №6406, №6375, №6368, №6353, №6346, №6335, №398 контурларында жайгашкан жалпы 5733 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун, №1039 контурунда жайгашкан 400 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кысыр аныз жер участогун жалпы 7095 чарчы метр жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ураимов Равшанбек Икрамович долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |