Загрузка документа…
КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 35-сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № 35-3
Ноокат Бириккен гидрометеорологиялык станциясына караштуу Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Сай гидропостунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан дарыянын боюндагы тал жана башка дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат Бириккен гидрометеорологиялык станциясына караштуу Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Сай гидропостунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан дарыянын боюндагы тал жана башка дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаты К.Рустамовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат Бириккен гидрометеорологиялык станциясына караштуу Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Сай гидропостунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан дарыянын боюндагы тал жана башка дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2. Ноокат Бириккен гидрометеорологиялык станциясына караштуу Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата айылындагы Абшыр-Сай гидропостунун курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан дарыянын боюндагы тал жана башка дарактарды кыюу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл
чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |