Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-сессиясы

2021-жылдын 16-марты № 37-3

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2020-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2020-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн аймактарындагы “Ходжа-Арык” СПАсынын 2020-жылына карата жалпы өкүлдөр отчеттук жыйынынын 2021-жылдын 24-февралындагы №1 протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2020-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1 (бир) сотых жер аянтына 10 (он) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 20 (жыйырма) сомдон, ал эми бак, фазенда, насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл

чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчисине жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев