Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-сессиясы

2021-жылдын 16-марты № 37-5

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик боюнча башкы адиси С.Бөйдөновдун билдирүүсүн угуп, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын эски имаратын бузууга макулдук берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы С. Эргешов атындагы балдар бакчасынын эски имаратын бузуу боюнча иштерди алып баруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр-жай кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев