Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-сессиясы

2021-жылдын 16-марты № 37-6

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайын реконструкциялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 10-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайын реконструкциялоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик боюнча башкы адиси С.Бөйдөновдун билдирүүсүн угуп, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайын реконструкциялоого макулдук берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата эс алуу жайын реконструкциялоо боюнча иш алып баруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетикас боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев