КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 38-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылындагы көрүстөнгө кошумча 1,70 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 2-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылындагы көрүстөнгө кошумча 1,70 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Абшыр-Ата айылынын тургундарынын 2021-жылдын 02-мартындагы №1 протоколуна негиз, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылындагы көрүстөнгө кошумча 1,70 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылындагы көрүстөнгө кошумча 1,70 га жер аянтын бөлүп берүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |