Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 38-3

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовнаны Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызыл-Булак айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовнаны Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наамына сунуштоо жөнүндөгү айыл тургундарынын жазуу жүзүндөгү сунушуна негиз, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чон салымын кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовнага Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2.    Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын .

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев