КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 38-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичке Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кулуштан айылынын тургуну Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичке Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндөгү мекеме-ишкана жетекчилеринин жана айыл тургундарынын жазуу жүзүндөгү сунушуна негиз, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чон салымын кошкондугу үчүн Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичке Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |