Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 38-8

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутатты Камаров Арапбай Шыгаевичти «Жылдын мыкты депутаты» наамына көрсөтүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаты Камаров Арапбай Шыгаевичти Т.Кулатов айыл аймагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана инвестиция тартууда ийгиликтүү жумуштарды иш жүзүнө ашыргандыгы үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамына көрсөтүү жөнүндөгү депутаттардын сунушуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана инвестиция тартууда ийгиликтүү жумуштарды иш жүзүнө ашыргандыгы үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин депутаты Камаров Арапбай Шыгаевичке Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамы ыйгарылсын.

2. Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамын алган Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаты Камаров Арапбай Шыгаевич айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5000 (беш миң) сом акча каражаты менен сыйлансын.

3. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резерв фондунан ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев