КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 1-1
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык-жашыруун добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык-жашыруун добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык-жашыруун добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) Авазов Муратали Арзыбаевич.
2) Жолдошова Сайибжамал Абдыгапаровна.
3) Мадалиев Ибирагимбек Жигиталиевич.
Сессияны алып баруучу: | А.Топчубаев |