Редакцияот 07.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 7-июну № 3-1

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Көчкөнов Данияр Абдыразакович Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эсептелсин деген Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколу бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каратаевага милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев