Редакцияот 16.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 16-июлу № 4-2

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн 11.06.2021-жылдагы 03/945 сандуу катына негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын №5 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 13-беренесине жана 78-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин. Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн 2-кабатын ондоп түзөөүчүн демөөрчүлүк иретинде 36-19 сессиянын чечими менен бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен толук бүтпөй калганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн калдык бюджетинин 3111 беренесинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев