Редакцияот 16.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 16-июлу № 4-5

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын канааттандыруу максатында, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын №2 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамына негиз, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүүчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамына негиз, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев