Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-4

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 34- сессиясынын 34-10-токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги көчөсүнө төшөлүүчү асфальттын кеңдиги сметада 4 м болуп калгандыгына байланыштуу дагы 1 м кошуп 5 м кылып кошуп берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолуна төшөлүүчү асфальттын кеңдиги 5 м болуп курулууга макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин транспорт ,курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев