Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-6

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамааттык, коомдук уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген чогулуштарынын протоколдору менен айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкердин тизмеси жактырылсын.

2.    Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин 7-чакырылышынын

кезексиз5-сессиясынын №5-6 токтомуна тиркеме

Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын №5430 «Баглан» участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлеринин тизмеси

 

№

Ф. И. О

Улуту

Жынысы

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Ким тарабынан сунушталды

1

Атагожоев Кыялбек Абдыразакович

кыргыз

эркек

26.12.1987

Жогорку

Кызыл-Кыя

Кыргызстан банк

Баглан жамааты

2

Камаров Арзымат Тургуналиевич

кыргыз

эркек

08.08.1997

Орто

Баглан айылы

Баглан жамааты

3

Шумкарбек кызы Феруза

кыргыз

аял

01.02.2003

Орто

Кызыл-Кыя

 Баглан жамааты

4

Раманова Рита Курстанбековна

кыргыз

аял

24.07.1988

Атайын орто

Баглан айылы

Баглан жамааты

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы:

А.Сыдыкова