Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIII -сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № XXXIII-2
Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 18 мартынан баштап коронавирус пандемиясы алкагында киргизилген өзгөчө кырдаал режиминде, Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине дем алуу күндөрү иштегендиги үчүн кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 148-б буйругун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы №148-б буйругун карап чыкты. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 18 мартындагы № 232 Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал карантин режимин киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20 мартындагы №22-б буйругун жана 2020-жылдын 24-апрелиндеги №215-б жана №139-б буйруктарын аткарууга алып, айыл аймагында COVID-19 илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери дем алуу күндөрү жумуш ордунда болушуп, саламаттык сактоо мекемелери, ички иштер органдары менен тыгыз кызматтташып, коронавирустун жайылышын алдын алуу чараларын көрүштү. Мындан тышкары өзгөчө кырдаал режиминде иштей албай үйдө отуруп калган үй-бүлөлөргө, мамлекет тарбынан берилген жана ишкердик чөйрөсү тарабынан жыйналган азык-түлүктөрдү өз убагында таратып беришти. Гулистан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйруктарын аткарууга алып, март-апрель айларында COVID-19 илдети алкагындагы өзгөчө кырдаал карантин режиминде, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин дем алуу күндөрү иштегендиги үчүн кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү буйругун бекитип берүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5- ноябрындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине март-апрель айларындагы COVID-19 коронавирус илдетин алкагындагы өзгөчө кырдаалдар жана карантин режиминде дем алуу күндөрү иштеген кызматкерлерге кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү №148-б буйругу бекитилип берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетин сметасын дагы үнөмдөлгөн төмөндөгү бөлүмдөрдөн төлөп берилсин.
-Сметадагы 7011100 бөлүмүнүн 22154900 беренесинен, башка каражаттар беренесине 326 200 (Үч жүз жыйырма алты миң эки жүз) сом которулсун.
-Жогорудагы акча каражаттар эмгек акы төлөө үчүн 21111100 беренесине 278 200 (эки жүз жетимиш сегиз миң эки жүз сом. Соц фонд төлөмдөрү үчүн 21211100 беренесине 48 000 (кырк сегиз миң) сом которулсун. Бардыгы болуп 326 200 (Уч жуз жыйырма алты миң эки жуз) сом. (Тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги
XXXIII-2-сессиясынын токтомуна тиркеме.
Бөлүм | Берене | сумма |
701110 | 22154900 | -326200 |
Бардыгы: |
| -326200 |
701110 | 21111100 | 278200 |
701110 | 21211100 | 48000 |
Бардыгы: |
| 326200 |
|
|
|
|
|
|
Гулистан айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы: | У.Таштемиров |