Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIII -сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № XXXIII-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн Фрунзе айылындагы “Вахим”, “Коён талаа” участкасына мектеп имаратын куруу үчүн 1 (бир) гектар жер аянтын ажыратып берүү боюнча элдик демилгени колдоо жөнүндө
Гулистан айыл Кеңеши Фрунзе айылынын “Вахим”, “Коён талаа” участкаларындагы элдерди кайрылуусунун жана элдердин мектеп курууга жер ажыратуу үчүн өткөргөн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде, бул маселе азыркы күндөгү айыл кеңешинин, айыл өкмөтүнүн негизги көйгөйлүү маселеси болуп эсептелет. Себеби Фрунзе айылынын “Вахим”, “Коён талаа” участкаларындагы элдердин саны 4 миңден ашты. Мектеп жашындагы балдардын саны 700 жакын. Бул участкалардан мектептин алыстыгы 4-5 км түзөт. Мектеп окуучулары эки мектепке: Ноокат шаарындагы “Абдуваитов” атындагы мектепке жана өзүбүздүн аймактагы “Р. Хужамов” атындагы мектептерге катташат. Бул мектептерге окуучулар батпай 2-3 сменада сабактар өтөт. Гулистан айылдык кеңеши аталган участкалардын жашоочуларынын жалпы чогулушунун чечимин жана элдик демилгени колдоо максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы “Вахим” жана “Коён-талаа” участкасына мектеп имаратын куруу үчүн 1 (бир) гектар жер аянтын ажыратып берүү боюнча жалпы жыйналыштын чечими жана элдик демилге колдоого алынсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө: Фрунзе айылы “Вахим”, “Коён талаа” участкасына мектеп имаратын курууга кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен 1 (бир) гектар жер аянтын социалдык маселе үчүн трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана тийиштү мамлекеттик органдардан документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |