Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIII -сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № XXXIII-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилгенине байланыштуу, Гулистан айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнүн капиталдык ремонту боюнча 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында айыл өкмөтүнүн Маданият үйүн капиталдык ремонттоо 2021-жылдын планына киргизилген. Маданият үйүндө тейлөө шартынын сапатынын жакшыртуу, элдердин маданиятын өнүгүүсүнө шарт түзүү, Гулистан айыл кеңеши айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоо максатында, Гулистан айыл өкмөтүнүн маданият үйүн капиталдык ремонттоо үчүн мамлекеттик каржылоосуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өздүк салымын кошуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын негизинде 2021-жылда айыл өкмөтүнүн Маданият үйүндө капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн Маданият үйүн капиталдык ремонт кылуу - долбооруна өздүк салым үчүн 2021-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 (Үч жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин бюджет экономика жана инвестиция боюнча түрткү комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |