Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIII -сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № XXXIII-7
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-айында иштетилбей калган акча каражатын иштетүү максатында 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндөгү Гулистан жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2020-жылдын 10-айында берилген жылдык планды 185% аткарды. Белгиленген 210,0 миң сом ордуна 390,0 миң сом акча каражаты чогулду. Бул акча каражаттын 145,0 миң сому айыл чарба техникаларынын ижара акысынан, калган 245,0 миң сому жайыт пайдалануудан түшкөн каражат. Жайыт пайдалануучулардын жылдык чогулушунда ушул жайыт пайдалануудан түшкөн акча каражатты толугу менен жайыт комитетине берүүнү суранышкан. Ошондуктан калган 105,0 миң сом акча каражаты Гулистан айыл аймагындагы жайыттарды инфраструктурасын оңдоо үчүн иштетилишин билдиришкен. Бул калган акча каражатты максаттуу иштетүү максатында, Гулистан айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2020-жылдын 10 ай ичинде жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан түшүрүлгөн 245,0 миң сом жайыт акы толугу менен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеб счётуна өткөрүп берилсин.
2. Бул акча каражатты Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин иштетилбей турган 70921-бөлүмдүн 2221-беренесинен – 33,4 миң сом, 2224-беренесинен – 239,5 миң сом алынсын. Бардыгы – 272,9 миң сом.
3. Алынган акча каражатты 70429-бөлүмдүн 22154900-беренесине – 105,0 миң сом, 70491-бөлүмдүн 22154900-беренесине – 167,9 миң сом, бардыгы – 272,9 миң сом өткөрүлсүн.
4. Жергиликтүү бюджеттин 2020-жылгы планына өзгөртүүлөр киргизүү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
5. Бөлүнгөн акча каражаттын өз максатында пайдалануу жагын көзөмөлдөө Гулистан айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги
XXXIII-7-сессиясынын токтомуна тиркеме.
Бөлүм | Берене | сумма |
70921 | 22211100-текущий ремонт | 33,4 |
| 22241100 – приобретение угля | 239,5 |
Бардыгы: |
| 272,9 |
Расход |
|
|
70429 | 22154900 – расходы с оплатой прочих услуг | 105,0 |
70491 | 22154900 – расходы с оплатой прочих услуг | 167,9 |
Бардыгы: |
| 272,9 |
Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | А.Таштемиров |