Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV-сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл аймагынын 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышын көрүп чыгып, айыл өкмөтү тарабынан стратегиялык планда каралган бир катар иштер аткарылгандыгын, айрыкча социалдык чөйрөдө пландаштырылган иштер толугу менен аткарылгандыгын белгилейт. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана инвестиция саясаты боюнча туруктуу иш жүргүзүлбөй жаткандыгы боюнча кемчиликтерди белгилеп, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-бөлүмдүн 31-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 2020-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышын кемчиликтерди белгилөө менен канаатандырарлы деп белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык пландын негизинде алып барылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
№ | Аталышы | 2020-жыл 12 айлык план | 2020-жыл 12 айында аткарылганы | |
1 | Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 4350,0 | 5268,6 | |
2 | Милдеттүү патентоо негизиндеги салык | 194.2 | 140.2 | |
3 | Ыктыярлуу негиздеги патентоо салыгы | 2130.0 | 2175.6 | |
4 | Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 306.0 | 193.7 | |
5 | Жеке адамдын транспорт салыгы | 1850.0 | 1904,1 | |
6 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 463,7 | 500.6 | |
7 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 797.2 | 737.9 | |
8 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 637.0 | 530,0 | |
9 | Сатуудан түшкөн салык | 126.5 | 65,2 | |
10 | Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө | 730.0 | 51,95 | |
11 | Кайра бөлүштүрүү фондунун жер акысы | 197.0 | 178,1 | |
12 | Таштанды төлөмү | 311,4 | 314,6 | |
13 | Жайыттын арендасы | 210.0 | 385,5 | |
| Жергиликтүү бюджетин жалпысы | 12303,0 | 12446,05 (101,2%) |
Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | А.Таштемиров |