Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-3
Гулистан айыл кеңешинин алдындагы “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин 2018-жылдын 17-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү № -014-18/126 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 313-беренесин негизинде “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча Гулистан айыл кеңеши 2018-жылдын 23-ноябрындагы ХIV-I сессиясында каралып комиссияны курамы жана “Бузуулар жөнүндөгү” типтүү жобосу бекитилген. Бирок түзүлгөн комиссия мыйзам чегинде жетерлик иш жүргүзбөдү. Айыл аймагында мыйзамдуулукту сактоо , коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “Бузуулар жөнүндөгү” кодекстин негизинде берилген 27-беренеси боюнча мыйзамдуу иш алып баруу учур талар болууда.
Гулистан айыл кеңеши “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча комиссия курамын өзгөртүү толуктоо киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Гулистан айыл кеңеши алдында “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча 7 кишиден турган төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн.
И.Айбашов – Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
А.Абдураимов – Гулистан айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси, комиссиянын катчысы.
А.Эркабаев – Гулистан айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын мүчөсү.
Т.Тойчиев – Гулистан айыл кеңешинин депутатты, комиссиянын мүчөсү. (Макулдугу менен)
М.Мамитов – Гулистан айыл кеңешинин депутатты, комиссиянын мүчөсү ( макулдугу менен)
Д.Иминжанова – жамаат өкүлү, комиссиянын мүчөсү.
М.Абдураимов – Гулистан айыл кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү. (макулдугу менен)
2. “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча комиссияга;
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” иштерди кароо боюнча типтүү жобосун негизинде иш жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айыл кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |