Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020 жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү токтомунун негизинде айыл аймагындагы электр тирегичтер орнотула турган жер аянтын трнасформациялоо жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 21 декабрындагы №76-Токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кенеши Гулистан айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 105 токтомун аткарууга алып, Гулистан айыл аймагындагы кайрактагы үлүш жерлери жана жайыт жерлерине орнотулуучу электр тирегичтерди долбоордо көрсөтүлгөн 14 даана анын ичинен кайрактагы үлүш жерлеринен 9 даана жайыт жерлерден 5 даана жайыт жерлерине орнотулат. Гулистан айыл кенеши Гулистан айыл өкмөтүнүн токтомун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Мыйзамдарына ылайык , мүмкүн болуучу компенсацияларды төлөп берүү боюнча келишимдер түзгөңдүгү Гулистан айыл өкмөтү “CASA-1000” долбоорун алкагында кайрактагы 9 даана электр мамычылардын ордун муниципиалдык жерге алуу жана багытын өзгөртүү, трансформациялоо жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн № 76-Токтомун бекитип берүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоору алкагында айыл аймагындагы электр тирегичтер орнотула турган жер аянтын муниципиалдык менчикке алуу, айыл чарба багытындагы жерлер категориясын өзгөртүү трансформациялоо жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн № 76-Токтому бекитилип берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
“CASA-1000” долбоору алкагындагы иштерди, жер аянттары, муниципиалдык менчикке алуу, айыл чарба багытындагы жер багытын өзгөртүү, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарына жана башка укуктуу акттарды негизинде жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айыл кенешинин айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |