Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-5
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2020-жылдагы аткарган иштерин, 2021-жылга бюджетин, жайыт акы тарифтерин жана ички тартип эрежелерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2020-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти 210 миң сом болсо, аткарылганы 392 миң сомду түзгөн, башкача айтканда бюджет 185,7% га аткарылган. Айыл Өкмөтү жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү киргизген. Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2021-жылга белгиленген бюджети бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
3. Жайыт комитетинин 2021-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана ЖПБнин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.
4. 2021-жылга карата ЖПБнин 2020-жылдын 19-ноябрындагы жалпы жыйынында сунушталган ички тартип эрежелери жана жайыт акы тарифтери бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет).
5. Жайыт комитетинин жалпы кирешесинен айыл өкмөтүнө калтырылуучу 33% бөлүгү техникаларды ижаралоодон түшкөн каражаттын республикалык бюджетке которулушуна байланыштуу жайыт комитетинин эсебинде калтырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги
XXXIV-5-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме.
“Бекитемин” Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: колу, мөөрү У. Мирзакулов | “Макулдашылды” Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: колу, мөөрү Ш. Таштемиров |
№ | Чыгымдардын статьялары | Саны | Баасы, сом | Жалпы суммасы | Кварталдар менен | |||
I | II | III | IV | |||||
1 | Жайыт инфраструктурасын оңдоо |
|
| 55 450 |
| 15 450 | 40 000 |
|
2 | Жер салыгы (жайыт үчүн) |
| 13,90 | 50 000 |
| 14 000 | 36 000 |
|
3 | Сатуудан түшкөн салык |
|
| 10 050 |
| 3 000 | 3 000 | 4 050 |
4 | Инвестициялык долбоорлорду колдоо |
|
| 7 624 |
|
| 7 624 |
|
Баары: | 123 124 |
| 32 450 | 86 624 | 4 050
| |||
Жайыт комитетинин административдик чыгымдары: |
|
|
|
|
| |||
5 | Төраганын эмгек акысы | 10 ай | 5 700 | 57 000 | 11 400 | 17 100 | 17 100 | 11 400 |
6 | Бухгалтердин эмгек акысы | 10 ай | 3 750 | 37 500 | 7 500 | 11 250 | 11 250 | 7 500 |
7 | Инспекторлордун эмгек акысы (2 кызматкер) | 10 ай | 7 000 | 70 000 | 14 000 | 21 000 | 21 000 | 14 000 |
8 | Соц. фондго чегерүүлөр | 17,25% | 2 837 | 28 376 | 5 676 | 8 512 | 8 512 | 5 676 |
Баары: | 10 ай | 19 287 | 192 876 | 38 576 | 57 862 | 57 862 | 38 576
| |
9 | Бензин, транспорт чыгымы |
|
| 14 000 |
| 6 000 | 5 000 | 3 000 |
10 | Канцелярдык, байланыш чыгымдары |
|
| 5 000 | 1 000 | 1 500 | 1 500 | 1 000 |
11 | Техникаларды ижарага берүүдөн респ.бюджетке которуулар |
|
| 145 000 | 36 250 | 36 250 | 36 250 | 36 250 |
|
Бардыгы: |
480 000 |
75 826 |
134 062 |
187 236 |
82 876 | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Киреше булагы: |
|
|
|
|
| |||
12 | Жайытты пайдалангадыгы үчүн жайыт акы жана башка максатта пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр (бак, жайыт жерин пайдалануу) | 335 000 | 39 576 | 97 812 | 150 986 | 46 626 | ||
13 | Техникаларды ижаралоодон түшкөн төлөмдөрдү республикалык бюджетке которуу | 145 000 | 36 250 | 36 250 | 36 250 | 36 250 | ||
14 | Башка спонсорлор | 0 |
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы кирешелер: |
|
|
480 000 |
75 826 |
134 062 |
187 236 |
82 876 |
Гулистан ЖПБнин ЖК төрагасы: | О.Сабиров |
Бухгалтер: | Р.Сагынбаев |
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги
XXXIV-5-сессиясынын токтомуна № 2-тиркеме.
“Бекитемин”
Гулистан айылдык кеңешинин
төрагасы: колу, мөөрү У. Мирзакулов
1. Ички жайытка мал көчүү 25-марттан 10-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 10-майдан 10-июньга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сеньтябрдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.
2. 2021-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.
4. Гулистан айыл аймагынын айылдарында жана калктуу конуштарында 2020-жылдын 10-апрелинен баштап бада уюштурулсун.
5. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 2 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
6. 2021-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине коруп уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн.
7. Камакка түшкөн малга түрүнө карабастан акчалай 500 (беш жүз) сом айып салынсын.
8. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексинин 17-бөлүмүнүн 185, 186, 193-беренелерине ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
9. Ушул эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик комиссиясына жүктөтүлсүн.
Гулистан ЖПБ жайыт комитети төрагасы: | О.Сабиров |
Гулистан айыл кенешинин (VI-шайланган) кезектеги
XXXIV-5-сессиясынын токтомуна № 3-тиркеме.
“Бекитемин”
Гулистан айылдык кеңешинин
төрагасы: колу, мөөрү У. Мирзакулов
1. Бир баш ири муйуздуу малга – 1 айга - 30 сом, сезонго (5 ай) 150 сом.
2. Бир баш койго – 1 айга -18 сом, сезонго (5 ай) 90 сом.
3. Бир баш эчкиге – 1 айга - 25 сом, сезонго (7 ай) 175 сом.
4. Бир баш жылкыга – 1 айга – 30 сом, сезонго (7 ай) 210 сом.
5. Бир баш торпокко – 1 айга – 15 сом, сезонго (3 ай) 45 сом.
6. Бир баш тайга – 1 айга -15 сом, сезонго (5 ай) 75 сом.
7. Бир баш козуга, улакка – 1 айга – 9 сом, сезонго (4 ай) 36 сом.
8. Жайыт жер салыгы 1 га жерге – 12,70 сом.
1. Кышкы тоюк үчүн чөп оруп алынуучу жайыт жерлерине, бак, мал жайууга тосмолонгон жайыт жерлерине 1 га жерге 1000 сомдон алынсын.
2. Жайыт айдоо жерлерин пайдалангандыгы үчүн ар бир гектарына: Суулу айдо жерге -5000 сом, кайрак айдоо жерге – 1500 сом акы алынсын.
3. Жайыт жерлерине салынган үй-жай, короо курулмалары үчүн ар бир сотых жер үчүн -100 сомдон салык алынсын.
4. Эгер, жайыт ресурстарын мал багуудан сырткары багытта пайдалануу (туризм, эс алуу, дары чөптөрдү-жемиштерди терүү, жайыт жерлерин ж.б. максаттарда иштетүү) боюнча арыздар түшсө, айылдык кеңеш тарабынан пайдалануунун түрүнө жараша баалар белгиленсин.
5. Жайыт комитети тарабынан жасалган түтүктөрүн, ноолорду, аншлагдарды, тосмолорду жана мал жайуу графигин, ички тартипти бузуучуларга карата протоколдор түзүлүп административдик чаралар колдонулсун.
Гулистан ЖПБ жайыт комитети төрагасы: | О.Сабиров |