Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун 2020-жылда аткарган иштери жана 2021-жылга таза суу тарифин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо максатында 2001-жылда “Кара-Турпак таза суу” уюму түзүлгөн. Бирок 2018-жылга чейин ар түрдүү себептер менен иш жүргүзбөгөн. 2018-жылда айыл аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо, ичимдик суу түтүктөрүн ребилитациялоо инвестиция тартуу максатында “Кара-Турпак таза суу” уюму кайрадан юстициядан катоодон өткөрүлгөн. Жетекчиси жаңыдан дайындалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин белгиленген иштер аткарылбай келүүдө. Гулистан айыл кенеши бул маселени карап чыгып, “Кара-Турпак таза суу” уюмунун ишин жандандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун аткарып жаткан иштери кемчиликтери менен канааттандырырлы деп белгиленсин.
2. Айыл аймагында ичимдик суу үчүн тариф убактылуу 2020-жылга суу түтүгү үйүнө орнотулган кожолуктарга айына 100 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануучу кожолуктарга айына 50 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубына 12 сомдон деп белгиленсин.
3. “Кара-Турпак таза суу” уюмунун жетекчиси Э. Бектемировго:
- Айыл аймагындагы таза суу түтүктөрүн бардыгын тейлөөгө алуу.
- Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча 2021-жылдын 1-кварталында маалымат берүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |