Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-9
Гулистан айыл аймагында тамарка салыгынын зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардын турак жай жана багбанчылык участокторунан алынуучу жер салыгынын зоналдык коэффицентин бекитип берүү жана тамарка салыгынан жеңилдиктерди берүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн сунушун көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү укуктук акктыларынын негизинде Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардан алынуучу тамарка үчүн жер салыгынын зоналдык коэффиценти К1-1,2 кылып белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы кожолуктардын тамарка боюнча жер салыгынан берилүүчү жеңилдиктер 0,10 га өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |