Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы
2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-11
“Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген уюмунун жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү боюнча 2021-жылга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңешине “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген уюму жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү үчүн, 2020-жылдын 9-декабрында автоунаалардын 2021-жылга кызмат көрсөтүү акын белгилеп берүү сунушу менен кайрылган. Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомдун автоунаалардын кызмат көрсөтүү акы: отургузуу акы 19 сом, андан кийин ар бир километрга 20 сомдон кылып белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |