Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы

2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-13

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү туралуу №512 токтомун жетекчиликке алуу жөнундөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020–жылдын 25-декабрындагы №90 токтомун бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү туралуу №512 токтомун жетекчиликке жана аткарууга алып Гулисан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) моратория киргизүү жөнүндөгү токтому күчкө киргенге чейин айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын чечимде6ри менен турак үйлөр курулуп калган жер участокторун сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоо) боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындыгы токтомун такталган документердин негизинде карап чыгып талуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү туралуу №512 токтомун жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.    Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындыгы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча №90 токтому бекитилип берилсин (трансформациялоо боюнча такталган документтер тиркелет).

3.    Гулистан айыл өкмөтүнө: “Сугат айдоо жерлерин калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу боюнча (трансформациялоо) боюнча, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы 2019-жылдын 17-декабрындагы №300-б буйругу менен түзүлгөн атайын комиссияга жогоруда көрсөтүлгөн тийиштүү документер тапшырылсын.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Мирзакулов