Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № XXXV-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы № 37 сандуу катынын негизинде, Гулистан айыл аймагындагы №5400 “Фрунзе” жана № 5402 “Гафур Гулям” шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендигине байланыштуу, жаңы шайлоо участкасын ачуу жөнүндөгү Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8 февралындагы №8-Токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан 2021-жылдын 3-февралында № 37 сандуу кат келген. Бул катта аймактагы №5400 “Фрунзе” жана № 5402 “Гафур Гулям” шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендигине байланыштуу, жаңы шайлоо участкасын ачуу керектиги билдирилген. Гулистан айыл өкмөтү бул катты аткарууга алып, 2021-жылдын 8-февралында токтом кабыл алган. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы №8-Токтомун карап чыгып талкуулап, Гулистан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы № 5400 “Фрунзе” жана № 5402 “Гафур Гулям” шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын саны 2500 кишиден ашып кеткендигине байланыштуу, аймакта жаңы шайлоо участкасын ачуу жөнүндөгү 2021-жылдын 8-февралындагы №8-Токтому бекитилсин. (Токтом тиркелет)
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Айбашовго, жооптуу катчысы А. Таштемировго: - Жаңы шайлоо участкасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарды даярдоо тапшырылсын; - Жаңы шайлоо участкасындагы шайлоочуларга керектүү бардык шарттарды түзүү жана участканы керектүү эмеректер менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер (билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
ГУЛИСТАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-февралы № 8
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын № 37 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндөгү № 5400 Фрунзе № 5402 Гафур Гулям шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын саны 2500 шайлоочудан ашып кеткендигине байланыштуу, жаны шайлоо участкасы ачуу жана шайлоочуларга жакшы ынгайлуу шарт түзүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын № 37 сандуу каты аткарууга алынсын.
2. Фрунзе айылындагы Спорт комплекске жаны шайлоо участкасы ачылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Айбашовго,жооптуу катчы А.Таштемировго:
- Жаны шайлоо участкасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
- Жаны шайлоо участкасындагы шайлоочуларга кекректүү шарттарды камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кенешинен суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы: | Э.Шаназаров |